Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.08.2018 16:46 На русском

Ош—Бишкек жолунда «Тойотадан» газ чыгып, унаа тыгыны жаралган (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун Ноокен районунун Ноокен айылындагы тилкесинде жүрүп бара жаткан унаадан газ чыгып, унаа тыгыны жаралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Күбөлөрдүн бири Артур: «Биз жолдо бара жатканбыз. Бир учурда кара түстөгү "Тойота" унаасынан газ чыгып, ичиндеги жүргүнчүлөр шашып чыгып кетишти. Аңгыча жол жээгиндеги жашыл түстөгү форма кийип иштеп жаткан жумушчулар коопсуздук үчүн унаага эч кимди жолотпой, убактылуу каттамды токтотушту. Ошол учурда газдын жыты унаадан чыгып турду. Ал эми жолдо 400 метрге жакын унаа тыгын жаралды. Бактыга жараша унаа жарылган жок», - деди.

Учурда Ош—Бишкек жолунда каттам өз нугунда жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×