Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.10.2018 22:22

Айыл турмушу: Дарыгер Ж.Калдарова кайыкта көз жарган келиндин төрөтүн кабыл алган (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Жумакан Калдарова электр энергиясы жете элек, кайык менен жол кыскарткан Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларынын ден соолугун көзөмөлдөп, 34 жылдан бери дарыгерлик кесипти аркалап келет. Ал ат, эшек менен колоттон-колотко ашып, элден кабар алат. Элеттик дарыгер менен аймактык кабарчы баарлашты.

Ж.Калдарованын айтымында, ал Россия Федерациясынын Красноярск шаарынан медициналык окуу жайды бүтүп келип, Таш-Көмүр шаарына келин болгон. Турмушка чыккандан кийин кесиби менен да алектенди. Өмүрүн элге ак кызмат өтөөгө арнап келет. Учурда Разан-Сай айылындагы ФАПта медайым болуп эмгектенүүдө. Ага унаа каттабаган, электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит, Кургокту жана Күрп-Сай айылдары карайт.

«Мен тейлеген айылдарда калктын саны аз, бирок мындагылар бири-биринен алыс жайгашкан. Унаа каттамы болбогондуктан эшек менен кыдырууга туура келет. Кээде тургундар катуу ооруп жатса ар кайсы убакта байланышат, убагында түн болсо дагы барганга аракеттенебиз. Көп учурда кыш мезгилинде кыйынчылык болот. Биздин келиндер ай-күнү жетип калса да кенебей жүрө беришет. Төрөт үйгө жакын жерге бар деп алардын артынан түшүп жүрүп, шаарга жөнөтөм. Бир жолу ушундай окуя болгон. Айылдагы бир жаш келин төрөт убактысына жетип калган учурда ичин кармап эле, ашказаным деп жатып калыптыр. Аны кайын энеси ашказанын шамалдатып алган го деп набат салынган чай берип жаткырып, мени чакырыптыр. Жетип барып, аны Таш-Көмүргө алып барып төрөттүк.

Кээде үйүндө төрөгөндөр болот. Айылдан шаарга алып баруу үчүн да кечүүлөрдү кечип, бир нече чакырымды басып, көлдөн өтөбүз. Жолдо төрөгөндөр да болот. Акыркы жылдары үйүндө төрөгөндөр каттала элек. 2008-жылдары үйлөрүндө же ооруканага бара жатып төрөгөндөр болгон. Азыр баары түшүнүп калышты, убагында шаарга жакын жерге барып жайгашышат», - дейт ал.

Анын жумушу бир топ эле түйшүктүү. Ал өзүнүн тажрыйбасында бир ирет кош бойлуу келинди Нарын ГЭСин кесип өткөн кайыкта алып бара жатканда төрөтүн кабыл алып, ооруканага жеткирген.

Жумакан Калдарованын 5 баласы, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×