Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 29.08.2018 20:53

Кочкор-Ата аймактык оорукана 65 жылдыгына карата оңдоодон өттү (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын 65 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө маалым болгондой, оорукана толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы жабдуулар менен толукталган. Бейтаптар үчүн ысык суу, жуунучу жайлар жана имараттын сырткы абалына да өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Бул иштерди аткарууга 2 жылдан ашык убакыт кеткен.

Мындан 65 жыл мурун бул жайда болгону 20 койкалуу медициналык борбор түптөлгөн болчу. Талапка ылайык, бул оорукананын имараты кенейип, 2002-жылы аймактык оорукана статусун алган. Ал эми быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бул жайдын баарында оңдоп-түзөө иштери аткарылып, заман талабына ылайыктуу болгон түрдүү жабдуулар менен да толукталды.

Бул жай 210 орундуу болуп, жалпы 256 кызматкер эмгектенет. Алардын 30ун дарыгерлер түзөт. Медицина жаатында 43 жылдык тажрыйбасы бар Эркинбек Салимжанов жаш ак халатчандарга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Келген коноктор оорукананын абалы менен таанышкан соң, куттуктоо айтышты.

2 жыл ичинде ооруканага жалпы суммасы 6 миллион сомду түзгөн жабдуулар алынган. Анын ичинде ар бир бөлүмгө компьютерлер дагы коюлуп, онлайн режимине өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×