Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 22.08.2018 12:48

Майлуу-Сууда кызмат өтөп жатканда токко урунган жоокердин оң колу кесилди

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жайгашкан №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп, ооруканага түшкөндүгү боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, жабыркаган жоокер Бишкектеги ооруканага которулуп, анын оң колу чыканакка чейин кесилген.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 1996-жылы туулган С.Р. нөөмөтүн өтөп жатканда электр көмөкчордондун аймагына кирген. Тыюу салуучу белгиге карабай С.Р. ачык турган трансформатордук будкага кирип, электр тогуна урунган. Күйүк алган жоокер Майлуу-Суу шаарындагы ооруканага жеткирилген. Андан кийин Ош шаарындагы, андан соң Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнө которулган. Ал жерде анын оң колу чыканакка чейин амплуатация кылынган», - деп айтылат маалыматта.

Учурда жоокер тийиштүү дары-дармектер менен камсыз болуп, ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы аталган иш боюнча иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына жиберилгенин билдирди.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарында аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокер электр зымына урунуп, ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×