Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.08.2018 17:03 Жаңыланды: 22.08.2018 15:34 На русском

Жоокердин өлүмү: 21 жаштагы Мирландын чөгүп кеткенине ишенбеген эненин нааразычылыгы жана отряд жетекчисинин пикири (фото, видео)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядында 2017-жылдын ноябрь айынан бери аскердик милдетин аткарып келген 21 жаштагы Доолбек уулу Мирлан 2018-жылдын 13-август күнү сууга чөгүп каза болду. Маркумдун жакындары бул абалдын орун алуусуна отряд жетекчилигин жана аны менен бирге сууга түшкөн жоокерлерди айыптоодо. Ал эми аталган отряддын жетекчилиги кокустук орун алгандыгын, Мирлан спорттук иш-чараларга катышкан активдүү жоокерлердин катарын толуктап келгендигин билдирүүдө. Окуянын чоо-жайына аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Аксы районуна караштуу Жара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылынын тургуну Доолбек уулу Мирлан былтыркы жылы өз каалоосу менен аскердик милдетин аткарууга аттанган. Ал ага чейин Ош социалдык мамлекеттик колледжинде билим алып, бухгалтердик кесипке ээ болгон. Андан соң жогорку окуу жайлардын биринде «бажы иши» адистиги боюнча билим алып жатып, милдетин өтөп келүүнү туура көргөн. Анткени ал бажы тармагында иштөөнү максаттаган болчу. Кырсык орун албаганда ал 1,5 айдан соң кызматын толук өтөп, үйүнө кайтмак.

Он жыл мурда жолдошун оорудан улам жоготуп, балдарын өз күчү менен эрезеге жеткирген Нуржамал Батыралиева эми кенжесинен айрылып, орду толгус жоготуудан азап чегип турат. Ал уулунун өлүмүнө тийиштүү адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.

«Мен балдарымды кандай гана кыйынчылыктарга карабастан чоңойттум. Үч кыз, эки уулум бар. Мирлан балдарымдын кичүүсү болчу, «мени багат» деп келгем. Ал жаштайынан спортко кызыкчу, топту жакшы ойночу. Спорттук мелдештерге катышып, бир топ Ардак грамоталарга татыган. Кызмат өтөп жүрүп отряддын атынан да мелдештерге катышчу.

Окуя болгонго чейин бир күн мурун балам менен сүйлөшкөм. Ал: «Апа, мен Аксынын 90 жылдыгына катышам, акеме айтыңыз мага спорттук бут кийим алып берсин» деп айткан эле. Эртеси кулунум 10 күн мурда сууга чөккөндөрдү издеген суучулдарга жардамшканы барган. Сууга бирге түшкөн жоокерлердин бири уулумдан «жакшы элесиңби» деп сурап, суу жээгине чыгып кеткенин айтууда. Балам өзүн жакшы сезип турса ал сурамак эмес да. Өзү аны сууга түртүп жибербегенден кийин дароо кабар берсе болбойт беле? Чогу сүзүп жүргөндөр эмнеге кабар берген эмес? Эс алуучулар да байкабай калганына ишенбей турам. Чөгүп жаткан адам кыйкырат, жок дегенде кол булгалап жардам сурайт.

Мени кыйнаган суроолор көп. Уулумдун өлүмүнө отряддагылар толугу менен күнөөлүү. Алар кол алдында жоокерлер үстүндөгү кийимин көтөрүп, бөлүмдөн чыгып кеткенге чейин жооптуу. Аскер өтөөгө кандай аман-эсен барган болсо, ошентип биздин колубузга кайтарса болбойт беле? Ошол отряд өздөрү суудан куткаруучу болуп туруп, өздөрүнүн жоокерин куткара алышкан жок. Уулумдун кийимдери суу жээгинде турганына карабастан дагы аны «эжесиникине качып кеткен окшойт» дешиптир. Эмне балам жылаңач качып кетмек беле?

Бизге болсо уулум сууга чөгүп кеткени боюнча өздөрү кабар беришкен жок. Бир суткадан кийин гана Таш-Көмүр шаарында эмгектенген кайын эжем тааныштарынан «кара-жыгачтык жоокер сууга чөгүп кетиптир» деген кепти угуп, эл айткан жайга жетип барган. Ал тополоң салгандан кийин гана айтышкан. Анан ал милицияга окуя боюнча кабар берген. Бирок милиция отрядка байланышканда алар «баары тынч» деп жооп берип коюшкан. Эжебиз дагы байланышып, ызы-чуу салгандан кийин келишкен. Мага Мирландын жок болуп жатканын айтышты. Оюмда «Аксынын 90 жылдыгына кетип калган окшойт» дедим. Мен да Аксыга жөнөдүм, Тегенеге барып калганда уулумдан айрылып калганымды уктум. Армияга жакшы үмүт менен жибербедим беле? Боздоп, боз топурагын кучактап калдым. Мага уулум майып болуп калса да, эки көзү жалтырап маңдайымда олтурса кайыл элем, өмүрүм өткүчө багат болчумун…», - дейт жоокердин апасы.

Бир тууган агасы Темирлан Доолбек уулу инисинин сууга чөгүп каза болгонуна ишенбегенин айтат.

«Иним апама дагы, мага дагы «спорттук бут кийим алып бериңиз» дегенинен 13-август күнү интернет дүкөндөрдөн бут кийим издеп жаткам. Анан эле мага «үкөң жок болуп жатат» деген кабар түштү. Россия Федерациясында жүргөндүктөн дароо эле жөнөдүм. Үйгө жеткиче ооруканада экенин айтышты. Анан инимден айрылып калганымды уктум.

Ал мага караганда сууда жакшы сүзчү. Ал жерде чөгө турган бала эмес. Эс алуучу жайдын ээси менен сүйлөштүк. Ал күнү 3 унаа толо эс алуучулар жүргөн экен. Ошол эле күнү эс алуучу жайдагы тажрыйбалуу эле суучул иним чөккөндүн жанында эле бирөөнүн кымбат баалуу шакегин издеп, таап берген экен. Бирге сүзүп бара жаткан жоокер инимдин сууга чөккөндүгүн өз убагында айтканда аман калмак. Бирге сууда сүзүп келе жатышып, анан эл аралап издегендерине ачууланасың да. Инимдин мурдунан, оозунан кан агыптыр, сууда калган адам кичине болсо да шишип кетиши керек болчу. Андай болгон жок. Ар кандай күмөн саноолорубуз бар. Анткени анын сууга чөккөндүгүн бир да жан көргөн эмес. Анан бизге бир сутка эч кандай кабар беришкен жок. Биз ушул үчүн өзгөчө нааразыбыз», - дейт бир тууган агасы.

Туугандарында окуя башка нукта орун алуусу мүмкүн деген күмөндүү ойлор бар. «Көзүң менен көрбөгөндөн кийин түрдүү ойлор келет. Бизге «сууга чөгүп каза болду» деп жатышат. Балким окуя таптакыр башкача болгондур. Бир сутка ичинде жоокерлерди ушинтип айтасың» деп сөз үйрөтүшкөндүр» деген сыяктуу түрдүү ойлор да жакындарын кыйнап жатат.

Ал эми №2 издөө-куткаруу отрядынын командринин милдетин аткаруучу Элдияр Жабаев маркум сууда же сыртта экенин билбей калышкандыктан анын жакындарына кабар беришпегенин билдирди.

«4-августтан бери дайыны чыкпай жаткан Б.у.Зарылбек аттуу жаранды издеп жатышкан суучулдарга жардам берүү үчүн жээктерге дайындалып келишкен. Дарыя жээгинде аларга көмөктөшүп жатышкан. Жоокерлер суу түбүнө түшүп, издөө ишине катышпай турганын да айта кетейин. Кечки саат 06:00дө иш токтогондо жоокерлер аларды баштап келген майордон «ысып кеттик, жуунуп алалычы» деп суранышкандыктан, ал макул болгон. Балдар сууда сүзүп жатканда биздин өкүл дайынсыз болуп жаткан жарандын жакындары менен издөө иши тууралуу сүйлөшүп жатып, аларга көз салбай калган. Бирге жүргөндөр Мирланды таппай калышып, биздикилерге кабар берген. Суучулдар дароо эле издөөгө киришкен, бирок таппай калышкан.

Мага кечки саат 20дан 6 мүнөт өткөндө кабар беришти. Жетип келип, суучулдардын баарын сууга түшүрдүк, таба алган жокпуз. Сууда же сыртта экенин билбей, түшүнбөй калдык. Суучуларда мүмкүн болушунча издеген менен жыйынтык чыкпагандыктан качып кеткен окшойт деген да ой келди. Ошол үчүн күмөн саноо болду. Эртеси суунун ичиндеги балыр баскан тараптан денеси табылды. Тактап айтканда суу жээгинен 17 метр алыстыкта, 3,5 метр терең жерден алып чыгышты. Анын чөккөнүн биздин жоокерлер көрбөй калышкан», - деди Элдияр Жабаев.

Маалым болгондой, жоокердин өлүмү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, тийиштүү органдар кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Аскердик прокуратура да иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×