Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 20.08.2018 10:24 На русском

Кербендеги жалгыз жол чырак 3 айдан бери иштебей, кырсыктар көп болууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы жалгыз жол чырак 3 айдан бери иштебей, жол кырсыктар орун алууда. Бул тууралуу Кербен шаарынын тургуну Азим Бекболсунов билдирди.

Анын айтымында, жалгыз жол чырак май айынан бери иштебей турат.

«Жол чырак иштебей калгандыктан кырсыктары көп болуп жатат. Мэриядан жол чыракты калыбына келтирип берүүнү өтүнөбүз. Жалгыз жол чырактын иштебей жатканы тургундарга көйгөй жаратты», - деди ал.

Аксы районунун Кербен шаарына караштуу 5 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×