Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 18.08.2018 15:52 На русском

Президентке жолугууга барып, айып пул төлөп кайткан аялдардын кармалышы боюнча милициянын жообу

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБ президент менен жолугушууга аракет кылып, бирок катышпай калган жергиликтүү жашоочуларга (аял кишилер) айып пул салууга негиз болгон себептерди билдирди.

«Жыйынга киребиз деп милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени үчүн Сакалды айыл аймагынын:

- Чоң-Багыш айылынын тургуну Абдимиталипова Махидилхон (1969-жылы туулган);

- Бобуй айылынын тургуну Ибрагимова Бурул (1967-жылы туулган);

- Сакалды айылынын тургуну Мусаева Жыпарканга (1954-жылы туулган) карата КРнын Административдик кодексинин 371-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, Ноокен райондук соту тарабынан 15-август күнү ар бирине 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Алар жыйынга катышуу үчүн тизмеде жок экенин билсе да кирүүгө аракет жасап, тартип сакчыларына орой мамиле кылып, коомдук тартипти бузушкан. Алар үйлөрүнө кайтып бара жаткан учурда эмес, ызы-чуу чыгарып, жыйынга кирүүгө аракет жасап жатканда аргасыздан милиция кызматкерлери кармашкан. Аларды Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүнө алып барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана ашыкча мыйзамсыз күч колдонулган эмес. Райондук сот аркылуу айып салынган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде гана чара көрдү», - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин билдирүүсүндө.

Окуя тууралуу:

15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Жолугушууга 5 аял тизмеде жок болгондуктан киргизилген эмес. Мамлекет башчыга жолдогон кайрылууга жооп алуу ниетинде барган 5 аял кире албаганы үчүн кайтып келе жатышканда милиция кызматкерлери кармап, 5 саат бою милиция бөлүмүндө отуруп, алардын ичинен үчөө жоопкерчиликке тартылган. Мындай маалыматты алардын бири Бурулкан Ибрагимова билдирген болчу.
Кийинчерээк өлкө башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева 5 жашоочу менен Ноокендин акими жолуга турганын билдирген.

«Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөсө аларга акчасы кайтарылып берилет. Өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун президент менен жолугушууга кире албай калганы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан ага жардам көрсөтүлдү.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги да милиция кызматкерлеринин чечимине карата териштирүү жүргүзөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×