Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 18.08.2018 10:24 На русском

Президенттин жыйынына барып, бирок айып пул төлөп кайткан аялдар менен Ноокендин акими жолугушат

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Кочкор-Атага барып, бирок айып пул төлөп кайткан жергиликтүү 5 жашоочу (аял кишилер) менен Ноокен районунун акими жолугушат. Эгерде алардын маселеси президентке тийиштүү болсо, анда Президенттин аппараты жооп берет. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.

«Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөсө аларга акчасы кайтарылып берилет. Өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун президент менен жолугушууга кире албай калганы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан ага жардам көрсөтүлдү.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги да милиция кызматкерлеринин чечимине карата териштирүү жүргүзөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Окуя тууралуу:

15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Жолугушууга 5 аял тизмеде жок болгондуктан киргизилген эмес. Мамлекет башчыга жолдогон кайрылууга жооп алуу ниетинде барган 5 аял кире албаганы үчүн кайтып келе жатышканда милиция кызматкерлери кармап, анын үчөө жоопкерчиликке тартылган. Мындай маалыматты алардын бири Бурулкан Ибрагимова билдирди.
Маалым болгондой, өлкө башчынын эл менен жолугушуусуна Сакалды айыл аймагынын Бөбүй айылынын тургундары — Бурулкан Ибрагимова, Жыпаркан Мусаева, Махидилхан Абимиталипова болуп жыйын өтүүчү жайга барышкан. Алдын ала түзүлгөн тизмеге кошулуу үчүн бир күн мурун айыл өкмөткө, район бийлигине кайрылышкан. Ага карабастан алар тизмеге кошулган эмес. Ошондуктан алар жыйынга кире албастан нааразы болуп кайтышкан.
Жыйынга кире албаганына көзү жеткен 5 аял үйлөрүн көздөй кайтышкан учурда милиция кызматкерлери кармап кеткен. 5 саат Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүндө кармалып, андан соң райондук соттон айып салынып, үйлөрүнө кетишкен. Аларга Административдик кодекстин 371-беренеси менен (ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) протокол толтурулуп, райондук сот тарабынан 371-берене менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 500 сомдон айып тагылган болчу.
-------------------------------------------------------------------------
Өзүнүн айтымында, президенттен операция жасатууга муктаж болуп ооруп жаткан иниси үчүн жардам сурамак.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×