Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 17.08.2018 17:38 На русском

Кочкор-Атага президент менен жолугушууга барган 5 аялды милиция кармап кетип, үчөөнө айып салынды (видео, фото)

Turmush -  Ушул жылдын 15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Жолугушууга 5 аял тизмеде жок болгондуктан киргизилген эмес.

Мамлекет башчыга жолдогон кайрылууга жооп алуу ниетинде барган 5 аял кире албаганы үчүн кайтып келе жатышканда милиция кызматкерлери кармап, анын үчөө жоопкерчиликке тартылган. Мындай маалыматты алардын бири Бурулкан Ибрагимова билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчынын эл менен жолугушуусуна Сакалды айыл аймагынын Бөбүй айылынын тургундары Бурулкан Ибрагимова, Жыпаркан Мусаева, Махидилхан Абимиталипова болуп жыйын өтүүчү жайга барышкан. Алдын ала түзүлгөн тизмеге кошулуу үчүн бир күн мурун айыл өкмөткө, район бийлигине кайрылышкан. Ага карабастан алар тизмеге кошулган эмес. Ошондуктан алар жыйынга кире албастан нааразы болуп кайтышкан.

Кире албагандыгына көзү жеткен 5 аял үйлөрүн көздөй кайтышкан учурда милиция кармап кеткен. 5 саат Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүндө кармалып, андан соң райондук соттон айып салынып, үйлөрүнө кетишкен. Аларга Административдик кодекстин 371-беренеси менен («Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) протокол толтурулуп, райондук сот тарабынан алар 371-берене менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 500 сомдон айып тагылган.

Айыпталган аялдар өлкө башчысына жер тилке, таза суу маселеси боюнча жолдогон кайрылууларына жооп алуу үчүн барышканын Бурулкан Исмаилова төмөнкүдөй айтып берди:

«Президент келээрин угуп, биз бир күн мурун айыл өкмөт башчыбызга байланышканбыз. Ал: "тизмеде жоксуңар, Кочкор-Атага бара бергиле да" деп койду. Биз президентке ичибиздеги оюбузду айткыбыз келди. Ошол үчүн жолугушууга үмүт менен бардык. Президенттин коопсуздугун карагандардын бири "жыйынга киресиздерби?" деп сурап калды. "Биз: тизмеде жокпуз, президентке кире турган айылдаштарыбыз келбей калды, алардын ордуна кирсек болобу?" деп сурадык бирөөсүнөн. Ал "сурап көрөйүнчү" деп басып кеткен. Көп өтпөй эле райондук мамлекеттик администрациядагы аппарат жетекчиси чыгып алып, "буларды ким чакырды" деп кыйкырып баштады. Бизди башка жакка тартып алып кетишти.

Жолго чыгып кетип баратканыбызда артыбыздан милиция келип, күч колдонуу менен бизди Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүнө алып барышты. Саат 13:30 чамасында бизди кармап кетишсе, милицияда саат 18:00гө чейин отурдук. Андан кийин райондук сотко алып келишип, бизге 500 сомдон айып салышты. Сотто да судья бизди бир ооз сүйлөткөн жок. Тескерисинче биздин ишти караган сот милиция кызматкерлерине «Силер буларды жогор тарапка жазып жиберет деп коркуп жатасыңарбы? Эмне коркосуңар?» деп сүйлөдү. Биз өлкө башчысына жакшы ниет менен барганбыз. Биз кайрылуубузга жооп алгыбыз келген. Президент да жакшы максаттар менен келип жатат. Эл менен кеңири эркин сүйлөшүп жатат. Биз деле анын оюн, пикирин уккубуз келген. Президент аткаруу бийлик органдарына, сот органдарына «сүйлөгөнүңөр менен жасаган ишиңер бир чыксын» деп айтып жатат. Бирок бизде андай болбой жатат. Мусаева Жыпаркан эже 70 жашта. Анын деле улуу деп сыйлашкан жок», - дейт ал.

Учурда алар райондук соттун алдында чыгарылган өкүмдү алуу үчүн отурушат.

Үч аялга административдик протокол толтурулганын милиция да тастыктады, бирок кеңири маалымат берилген жок. Ал эми облустук соттун басма сөз кызматы бул боюнча такталган маалымат бере турганын билдиришти.

Ал эми ысымы аталып жаткан Сакалды айыл аймагынын башчысы Маматали Султанов өзү ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу бара албаганын, орун басары барганын билдирди.

«Ар бир айыл өкмөткө 23 адамга орун берилген. Аксакалдар соту, аялдар кеңешинин төрайымдары болуп отуруп тизме толуп калгандыктан, аларды киргизе алышкан эмес. Менин ордума орун басарым барды. Мага бир күн мурда сиздерге кайрылган аял байланышып, бара тургандыгын айтышкан. Аларды жыйын өтүүчү жайга бара бергиле деп айткан эмесмин», - деди ал.

Жалал-Абад облустук басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ноокен райондук сотунун 2018-жылдын 15-августундагы токтому менен И.Б.Т., М.Ж.Ж. жана А.М.М. КРнын Административдик жаза кодексинин 371-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, ар биринен эсептик көрсөткүчтүн 5 (беш) өлчөмүндө 500 сомдон административдик айып төлөөгө кириптер кылынган.

Кийинчерээк өлкө башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Кочкор-Атага барып, бирок айып пул төлөп кайткан жергиликтүү 5 жашоочу (аял кишилер) менен Ноокен районунун акими жолугуша турганын билдирди. Эгерде алардын маселеси президентке тийиштүү болсо, анда Президенттин аппараты жооп берет.
«Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөсө аларга акчасы кайтарылып берилет. Өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун президент менен жолугушууга кире албай калганы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан ага жардам көрсөтүлдү.

Ноокендеги окуя боюнча Ички иштер министрлиги да жергиликтүү тургундарга карата милиция кызматкерлеринин бул чечими боюнча териштирүү жүргүзөт», - деп айтылат билдирүүдө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×