Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.08.2018 08:58

С.Жээнбеков Жалал-Абаддагы жашоочулардын суроолоруна жооп берди (фото)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу үч сааттан ашуун убакытка созулган. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, мамлекет башчысы бул аймак – энергетиканын өнөр жайдын чордону экенин белгиледи.

Президент С.Жээнбеков тышкы саясатка кыскача токтолуп, Россия Федерациясына, Белоруссияга, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

«Сентябрдын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзаны расмий визит менен күтүп жатабыз. Эрдоган коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат деп болжолдонууда», - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө региондорду өнүктүрүүгө басым жасап, кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын экспорттоо, фермерлерди жеткиликтүү насыялар менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналаарын белгиледи. Атап айтканда Сооронбай Жээнбеков аймактарда сүттү, этти жана терини кайра иштетүүчү ишканалар курула турганын белгиледи.

«Биз кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мына ушул бардык пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин түпкү максатыбыз ички жана тышкы миграцияны кыскартуу, калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу», - деди өлкө башчы.

Президент калкты таза суу менен камсыздоо стратегиясынын алкагында калктуу пункттарда суу объектилери курулуп, оңдолуп, пайдаланууга берилет жана жакынкы 5 жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот деп белгиледи. Ошону менен бирге ирригацияны өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу актуалдуу милдеттерден болуп саналат.

«Таза коом» программасы тууралуу кеп кылып келип, Сооронбай Жээнбеков бул программа – кооз сөздөн, бийик ураандан эмес, конкреттүү иштен турушу керек экенине токтолду.

«Таза коом» эң оболу – таза суудан башталат. Дени сак, деми сак улут гана таза коомду түзө алат», - деди ал.

Президент Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук чөйрөнү өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, адамдардын турмушун жакшыртууга байланышкан маселелерге дагы токтолду. Мамлекет башчысы укук коргоо органдарын реформалоонун, сот реформасынын, коррупцияга каршы күрөштүн, парламенттик демократияны чыңдоонун алкагында көрүлүп жаткан чаралар туурасында да айтып берди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнөн кийин жергиликтүү жашоочулар С.Жээнбековго жана мамлекеттик органдардын башчыларына суроо беришти.

Жалал-абаддыктар президенттин коррупция менен болгон күрөшүн, региондорду өнүктүрүү жана тышкы саясатта жүргүзгөн иштерин колдоого алаарын белгилеп, кадр маселесиндеги кемчиликтерге көңүл бурушту.

Айрым тургундар укук бузуу фактылары боюнча конкреттүү аткаминерлердин аттарын атап, президентке ачык айкын кайрылышты.

Жалпысынан калктын суроолору жолдорду куруу, инфраструктураны жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу, чек ара маселелери, күйүүчү майдын жетишсиздиги жана жер семирткичтердин баасынын көтөрүлүшү жөнүндө болду.

Суроолорго мамлекет башчысы жана тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жооп беришти. Президент С.Жээнбеков кат жүзүндөгү бардык суроолорго дагы жооп берилет деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×