Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 15.08.2018 15:54

Майлуу-Сууда мисте терип жүргөн аял тоонун боорунан кулап кетти

Turmush -  Бүгүн, 15-августта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын №3 тилкесинде мисте терип жүргөндө тоонун боорунан кулап кеткен аял киши куткарылды. Аны Ноокен райондук №83 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине беришкен.

Жабырлануучу 1962-жылы туулган Ю.Ш.А. экени такталды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

------------------------------------------------------------------------

Майлуу-Суу шаарында буга чейин да мистеге байланыштуу кырсык болгон эле. 2018-жылдын 7-августунда 14 жаштагы майлуу-суулук окуучу мисте терип жүргөндө бийик жардан кулап каза болгон. Анын жансыз денеси эртеси, 8-августта Тулку-Колот адырынан табылган.

Маркум окуучу өзү теңдүү балдар менен Тулку-Колот адырында мисте теришкен. Үйгө кайтып бара жатканда ал балдардын артында калып калган. Ал эми бирге барган балдар маркумду күтүп, акыры өзү келет деген ойдо үйлөрүнө кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча көз жумган окуучу шаардагы №5 мектепте 9-класска көчкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×