Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 13.08.2018 17:20

Таш-Көмүрдө кремнийди кайра иштетүүчү завод жыл аягына чейин курулуп бүтөт (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында кремнийди (тоо тектеринин курамына кирүүчү химиялык элементтин бир түрү) кайра иштетүүчү заводдун курулушун ушул жылдын төртүнчү кварталына чейин бүткөрүүгө аракет көрүлүүдө.

Маалым болгондой, заводду иштетүүнү «Кварц компани» ЖЧКсы колго алган.

Аталган ЖЧКнын юристи Урмат Кулдышевдин айтымында, завод ишке кирсе жылына 13-14 миң тонна көмүр, 15 миң тонна кварц (чакмак таштын бир түрү) иштетилет. Ишкана жылына 5 миң тонна продукция чыгарат. Андан сырткары, Россиядан жыгач алынып келип, жогорудагы кошулмалардан атайын техникалык кремний өндүрүлөт.

«Буюрса заводубуздун биринчи цехи ишке кирип калса жылына 5 миң тонна продукция өндүрүлөт. 120 жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Алардын маяналары да 15-20 миң сомду түзүп калат. Бизден чыккан продукция Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Германия мамлекеттерине экспорттолмокчу. Алардын талабына ылайык иштеп чыгарылат. Заводдун иши быйылкы жылдын төртүнчү кварталында бүтөт, каражат тартыштыгынан жумуш бир аз аксап турат», - деди ал.

Ал белгилегендей, алгач бул заводдун биринчи цехи жумушка кирет. Кийин анын экинчи цехи курулат. Эгер ал жумуш колго алынып калса, жылына 20 миң тонна продукция өндүрүлмөкчү.

Таш-Көмүр шаарынын бийлиги бул мекеме үчүн 49 жылга 2,5 гектар жер бөлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×