Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 09.08.2018 17:19

Видео — Үч-Коргондун тургундары асфальт төшөө үчүн казылган жол бүтпөй жатканына нааразы

Turmush -  Үч-Коргон—Кербен унаа жолунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү участкасынын 50 метрлик жол өткөн жылдын сентябрь айларында асфальт төшөө үчүн казылып, ушул күнгө чейин бүткөрүлө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айнаш Кунасова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жолдун абалы бир аз жакшы болчу. Өткөн жылы жолду казып, ишти аягына чейин чыгарбастан техникаларын көчүрүп кетип калышкан.

«Мен ушул жолдун жээгинде дүкөн иштетем, жолдон унаалар ары-бери өткөндө сапырылган чаң төрүмө чейин кирет. Эшикти ачпай коёюн десем күн ысык. Биздин эрмегибиз суу болуп калды, эртеден-кечке убактыбыз мына ушул жолго суу себүүгө кетет. Быйыл жайы менен жол жээгинде өскөн гиластарды жей алган жокпуз. Чоңдор мөмө-жемишти жууп жейбиз. Жаш балдар көчөдө жүрүп, жуубай эле жей беришет экен. Ошол үчүн да айылда жаш балдардын арасында оору көп болуп жатат. Мен неберелеримди, балдарымды коргоп калдым. Мына ушул маселени тиешелүү тараптар тыкыр көзөмөлгө алып, жолду аягына чейин бүтүрүп берсе жакшы болмок», - дейт жергиликтүү тургун А.Кунасова.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев аталган унаа жол айыл өкмөттүн эмес, Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында экенин, ал эми жолду бүтүрүү максатында тиешелүү тараптарга кат жолдогонун, бирок жооп албаганын билдирди.

«Бул унаа жол негизинен Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат. Ал эми көзөмөлдөө жагы №12 жол тейлөө ишканасына жүктөлгөн. Өткөн жылы айыл өкмөттүн участкасынан 1 чакырым жерди асфальттоо боюнча бизге кат келген. Ошол учурда алар менен чогуу жүрүп, кайсыл жерлерге асфальт төшөө керек экенин көрсөткөм. Ошол учурда мен эки объектини көрсөткөм, асфальт төшөөгө муктаж жерлердин биринчиси 350 метр, ал эми экинчиси азыркы күнгө чейин бүтпөй келген Жарбашы участкасындагы 650 метр жол. Ошол учурда биринчи объект бүткөрүлүп берилген, ал эми экинчиси кайсы бир себептер менен токтоп калган.

Мен тендер өткөрүүгө аралашкан эмесмин. Азыркы күндө жол көйгөйүн чечүү максатында тиешелүү тараптарга кат жолдоп, жооп ала элекмин», - дейт Н.Мураталиев.

Ал эми №12 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Алмаз Муратов өткөн жылы тендер өткөргөнүн, андан «Авангард-Эко» деген компания утуп алганын айтты.

«Өткөн жылы ушул жолдорду оңдоо үчүн тендерди өзүбүз өткөргөнбүз. Андан «Авангард-Эко» деген компания утуп алган. Былтыр 350 метр жол салынып, калганы битум жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Жол курууда эң баалуу нерсе бул битум болуп эсептелет. Учурда техникалар көчүрүлүүдө, буйруса ушул жумада жол куруу иштери уланат», - деди А.Муратов.

Үч-Коргон—Кербен унаа жолу 100 чакырымды түзөт. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жолдун абалы начар болгондуктан, анда жыл сайын жамоо иштери жүргүзүлүп турат.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө расмий катталган жашоочулардын саны 23 миң 500 адамдан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×