Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 07.08.2018 15:31

Кочкор-Атада уюшкан кылмыштуулукка каршы волейбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында «Уюшкан кылмыштуулукка каршыбыз» аталышта спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке облустун аймагынан 8 команда катышты. Алар: Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Жалал-Абад, Сузак, Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Кара-Көл командалары катышты. Аталган мелдешке 40 жаштан жогорку улуу муундар арасындагы райондук курама командалар беттешти.

Жалал-Абад облустук Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Ильяз Нарматовдун маалыматына караганда, мелдештин башкы максаты — коомчулук менен милициянын ортосундагы мамилени чыңдоо жана элдин ишенимдүүлүгүнө ээ болуу.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, 1-орунду Жала-Абад шаарынан барган спортчулар багындырып, 20 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орунду Аксы районунун командасы ээлеп, 15 миң сом менен сыйланды. 3-орунду Ала-Бука районунун командасы камсыздап, 10 миң сомго ээ болсо, 4-орунду Токтогул районунун спортчулары багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×