Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 06.08.2018 18:02

Тогуз-Тородо 2,5 гектарда өскөн кара куурай жок кылынды (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунун аймагында «Кара куурай» операциясы өттү. Анын жүрүшүндө РИИБдин өздүк курамы атайын 3 топко бөлүнүп, Тогуз-Торо, Карагалык, Атай, Көк-Ирим,Кара-Суу айыл өкмөттөрүндө текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

ОИИБдин маалыматына караганда, операция учурунда Тогуз-Торо РИИБдин өздүк курамынан түзүлгөн топ түнкү көзөмөл учурунда баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды даярдоого, колдонууга даярдалган көмүскө жайларды аныктоо максатында иш алып барышты.

«Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын «Уй-Булак» жайлоосунан жалпы аянты 2,05 гектар болгон салмагы 1260 кг жапайы өскөн кара курай өсүмдүгү өрттөлүп жок кылынды. Бул ишке Атай айыл өкмөтү тарабынан эки трактор тартылып, ага акимдин биринчи орун басары У.Имамбердиев, РИИБдин башчысы Т.Сабырканов жана өздүк курамдан 9 кызматкер, УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчысы, айыл башчылары жана жашоочулардан турган элдик кошуундар катышты», - деп билдирди Тогуз-Торо РИИБдин башчысы Талант Сабырканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×