Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.08.2018 16:13

Жалал-Абад мэриясынын керек-жарак рыногу департаментин Автандил Дүйшеев жетектейт

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси болуп Дүйшеев Автандил Салиевич дайындалды. Мекеменин жаңы жетекчиси жамаат менен да таанышкан.

А.Дүйшеев буга чейин шаардык кеңештин депутаты болчу («Өнүгүү-Прогресс»).

Автандил Дүйшеев Салиевич
1983-жылы төрөлгөн А.Дүйшеев Сузактагы Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

- 2006-2007-жылдары Жалал-Абад шаарындагы ЖЧКда кассир;

- 2008-2011-жылдары Жалал-Абад шаарындагы ун азыктарын өндүрүүчү ишканада кассир, директордун маркетинг жана жарнама боюнча орун басары;

- 2011-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча башкы адис;

- 2011-2013-жылдары Жалал-Абад шаардык мэриясындагы соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору.

- 2013-2014-жылдары ЖЧКда маркетинг жана жарнама боюнча директор;

- 2014-жылдын сентябрь айынан бери Жалал-Абад шаарындагы «Резина-Продукт» ЖЧКнын директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×