Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 01.08.2018 17:18 На русском

Айыл турмушу: Гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону Т.Мурзаевди спортко милициянын полковниги алып келген (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жашап жаткан Токтосун Мурзаев гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону болуп саналат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Учурда Токтосун 29 жашта. Анын мекенге кызмат өтөө кыялы 2008-жылы ишке ашкан.

«Токтогулда 1989-жылы кышында төрөлгөм. 2000-жылдардын башында ата-энемдин жумушуна байланыштуу биз Жайыл районуна көчүп кеткенбиз. Ошол жерден мектепти аяктадым. Андан кийин 2007-жылы аскерде кызмат өтөөгө, тактап айтканда КРнын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын дайындоо бригадасына бардым. Аскер кызматын өтөп келгенден кийин 2008-жылы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Жайыл районундагы нөөмөт бөлүмүнө милициянын сержанты болуп жумушка орноштум», - дейт Токтосун.

Анын спортко келишине милициянын полковниги Талант Акматов [Акматов Талантбек Уметалиевич — Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысы] түрткү болгон.

«Спорттун бул тармагында менин жетишкендиктерим көп. ИИМдин биринчилигинде 8 жолку чемпион, КРнын күч түзүмдөрү арасында 5 жолку чемпион болгом. Чүй облусунун биринчилигинде 5 жолу, республикалык чемпионатта 6 жолу чемпион жана КРнын ачык кубогунда 5 жолу чемпион болгом. Мындан тышкары Россия, Өзбекстанда, Сеул шаарында мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. Дүйнөлүк чемпионатка катышып, тилекке каршы 7-орунду ээледим. Спорттун бул түрү мага абдан жагат. Милиция кызматкерлери спорт менен сөзсүз машыгышы керек. Учурда мен жумушума жана катышып жаткан мелдештерге дагы жоопкерчилик менен мамиле кылам», - деп кошумчалады ал.

Милциянын жаш кызматкери учурда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы болуп иштейт. Токтосун азырынча үйлөнө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×