Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.07.2018 19:21

Т.Бакиров «Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Төлөн Бакиров «Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Турмуш басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананы буга чейин жетектеп келген Айтпай Мусаев өз арызынын негизинде жумушунан бошотулган. Жаңыдан кызматка киришкен Т.Бакиров жамаатка тааныштырылды.

Төлөн Бакиров 3 жыл убакыттан ашуун Жалал-Абад шаарынын тазалыгын көзөмөлгө алган «Жалал-Абад тазалык» ишканасын жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×