Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.07.2018 08:50 Жаңыланды: 25.08.2018 14:52 На русском

Айыл турмушу: Аксылык ишкер Тажикстандан алып келген аркар менен аргындашкан гиссар кочкорлор 35 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылынын тургуну Аман Акматов Тажикстандан аркар менен аргындаштырылган гиссар тукумундагы кочкорлорду алып келип багууда. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кыргызстанда аркар менен аргындаштырылган гиссар кочкорлор аз.

«Биз учурда Тажикстандан аркар менен аргындаштырылган гиссар тукумундагы кочкорлорду алып келип жатабыз. Алар эттүү болгондуктан бирөөсү 50-60 килограммга чейин эт берет. Эти дагы абдан нык, салмактуу болот экен. Биз азыр койдун сапатына көңүл буруп жатабыз», - дейт Аман Акматов.

Ал белгилегендей, гиссар койлор Тажикстанда көп багылат. Ал жактан алынып келген койлорго Кыргызстанда талап көп болууда.

«Кыргызстанда мындай койлор аз болгондуктан, аны сатып алам деп издегендер көбөйө баштады. Гиссар койлор ысык-суукка абдан чыдамдуу болушат. Алар адамга жакын эмес, тескерисинче качып турушат. Бул дагы аркар менен аргындашкандан улам болсо керек деп ойлойм. Гиссар койлордун жүнү абдан кыска болот. Жергиликтүү койлорго окшоп кыркылбайт. Жүнү өзү түшүп калат. Ошол себептенби акыркы убакта бул койго болгон талап күч алды. Алардын дагы бир өзгөчөлүгү — кулактары узун, баштары чоң болот», - дейт элеттик фермер.

Анын айтымында, Кыргызстанга алынып келип жаткан гиссар койлордун орточо баасы 10 миң сомдон жогору. Ал эми 1 жаштан өткөн кочкорлор 30-35 миң сомго чейин бааланат.

«Учурда биз 1 гиссар койду 10 миң сомдон жогору баага сатып алып жатабыз. Жергиликтүү койлордон 2-3 эсе кымбат болуп жатат. 1 жылдык чоң кочкорлор болсо 30-35 миң сомго сатылууда. Жергиликтүү койлор 4-5 миң сомго араң сатылат. Салыштырмалуу 2-3 эсе кымбат бааланат. Дагы бир өзгөчөлүгү — гиссар койлор чөптү жана жемди көп деле талап кылбайт. Адамдын колун көп карай бербейт. Учурда биз алып келген койлордон козу алып, 1 жылдык козуларды 15 миң сомго чейин сатып жатабыз», - деди А.Акматов.

Ал кошумчалагандай, гиссар койлорунун кызыл жана көгүш түстөгү породасы буга чейин Кыргызстанда багылган. Бирок кийин ал койлордун саны өлкө аймагында азайып кеткен.

«Учурда гиссар койлордун саны 30дан ашты. Эми келечекте гиссар койлор багылган ферма түптөөнү пландап жатам. Сапатсыз койлордун санын көбөйтө бербей, гиссар тукумундагы койлорду жайылтышыбыз керек», - дейт ишкер.

Аман Акматов учурда 34 жашта. 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×