Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 27.09.2018 08:00

Айыл турмушу: Сузактык мугалим Р.Махмудова кол өнөрчүлүктүн өзгөчө түрүн өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Раёна Махмудова мончоктордон жана ар кандай шурулардан азем белектерди жасайт. Элеттик жаш кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мончоктордон түркүн түстүү буюмдарды жасоону интернеттен үйрөнгөн.

«Мен Сузак районундагы мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенем. Сабактан сырткары азем белектерди жасап, окуучуларга токуганды жана шурулар менен иштегенди үйрөтөм. Өзүм бул ишти интернеттен жана сыналгыдан көрүп үйрөнгөм. Бир күнү үйдө үй-бүлөбүз менен чогуу сыналгы көрүп жатсак, кол өнөрчүлүктүн сырлары деген темада жакшы телеберүү болуп жатыптыр. Ошол берүүнү көргөндөн кийин азем буюмдарды жасоого болгон шыгым арта баштады. Эртеси күнү жумуштан келе жатып, кичине мончок, бир аз шуру ала келип, алардан гүл жасадым. Ошондон тарта ар кандай азем белектерди жасап баштадым», - дейт кол өнөрчү Р.Махмудова.

Мындан сырткары ал түстүү самындан роза гүлүн жасап, жакын адамына белекке бергенин кошумчалады.

«Шуру менен иштөө өтө майда иш. Кээ бир учурда бир нече мончоктордун өңү төп келбей, жасалган буюмду бузуп, башынан жасоого туура келет. Мындан сырткары түстүү самындан роза гүлүн жасап, жакын адамыма белекке бердим. Кол өнөрчүлүктүн мындай өзгөчө түрүн окуучуларга дагы үйрөтүп жатам», - деди Р.Махмудова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×