Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 23.07.2018 14:40

Депутат 3 шериги менен Түндүк-Түштүк жолунда кытай жаранын жарадар кылып, күйүүчү майларды уурдап кетишкен

Turmush -  Тогуз-Торо райондук соту Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда иштеп жаткан жумушчуну (кытай жараны) коркутуп, жумушка керектүү болгон күйүүчү майларды жүктөп кеткен шектүүлөрдү үй камагына чыгарды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 12-июлда саат 01:30 чамасында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында болгон. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 303-чакырымында «Чайна-Роуд» компаниясынын АБЗ базасындагы жумушчу болуп иштеген кытай жараны өзү жалгыз жаңы салынып жаткан жолдун четиндеги битум ээритип туруучу мешке көмүр жагып иштеп жаткан. Ошол убакта Казарман айылы тараптан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен азиат түспөлүндөгү, 30-35 жаштардагы бир нече адамдар келишкен. Анын ичинен экөө жумушчунун колун кайрып, күч колдонуп, базадагы 200 литрлик 3 челек жана 20 литрлик 25 конистр солярканы унаага жүктөп качып кетишкен.

Кытай жараны денесинен жаракат алып, Тогуз-Торо райондук ооруканага кайрылган. Ал эми компанияга 50 000 сомдун тегерегинде зыян келтирилген.

Окуя боюнча Тогуз-Торо РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноочулук» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 14-июль күнү Тогуз-Торо районунун 4 тургуну, арасында айылдык кеңештин депутаты да кармалып, КРнын ЖПКнын 94-беренеси менен убактылуу кармоо жайына киргизилген. 5-июль күнү баары Тогуз-Торо райондук соту тарабынан 2 айга үй камагына бошотулган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×