Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.07.2018 09:40

Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген кара-көлдүк эки балбанга батир берилет, - мэр

Turmush -  Кыргызстандык эки спортчу Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.

Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеевдин айтымында, ийгилик жараткан спортчуларга батир берилет.

«22-июлда шаарыбыздын эки кулуну Сманбеков Алмаз менен Таалайбек уулу Динислам Индияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль багындырышты. Бул биз үчүн сыймык. Аларга спорт тармагында ийгилик жараткандыгы үчүн бир бөлмөлүү батир берерибизди айткан элек. Буюрса, күзүндө ошол убадабызды аткарабыз», - деди мэр Ильяз Еркеев.

Сманбеков Алмаз менен Таалайбек уулу Динислам 1998-жылы Кара-Көл шаарында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×