Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 18.07.2018 13:48

Түндүк-Түштүк жолунда кытай жаранын жарадар кылып, күйүүчү майларды уурдап кетишти

Turmush -  Тогуз-Торо районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда иштеп жаткан жумушчуну (кытай жараны) коркутуп, жумушка керектүү болгон күйүүчү майларды жүктөп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул маалыматы Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да ырастады.

Маалым болгондой, 12-июлда альтернативдик жолду салып жаткан «Чайна-Роуд» компаниясынын АБЗ базасында битум ээритүүчү мешке көмүр жагып иштеп жаткан жумушчуга Казарман айылы тараптан белгисиз адамдар кысым көрсөтүшкөн. Алар куруу иштерине керектүү жол четинде турган 200 литрлик челектерди, солярка куюлган 3 челекти, 20 литрлик 25 челекти жүктөп, качып кетишкен.

«Натыйжада жумушчу жарат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Ал эми компанияга жалпысынан 48,800 сомдук зыян келтирилген. Бул факты боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китепчесине тоноочулук фактысы менен катталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдөн уурдалган күйүүчү майдын идиштери алынды. Кармалгандар эки айга камакка алынды», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, тоноочулукка катышкандардын арасында айылдык кеңештин депутаты да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×