Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 17.07.2018 18:01

Кочкор-Атада 4 жаштагы кыздын өз атасы тарабынан зордукталганы тастыкталган жок

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында 4 жашар кыз өз атасы тарабынан зордукталганы боюнча маалымат тарап, бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен кыз зордукталбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, эми кыздын жакындары бул боюнча маалымат тараткан кошунасынын үстүнөн арыз жазды.

«Милиция кошуналары берген маалыматтын негизинде иш алып барып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бүгүн экспертизанын корутундусу чыгып, кыз зордукталбаганы тастыкталды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин WhatsApp аркылуу Кочкор-Ата шаарындагы 4 жашар кызды өз атасы зордуктаганы боюнча маалымат тараган.

Жергиликтүү тургун Элнура Карабекованын айтымында, зордуктоо фактысы болгон деп болжолдонгон үй-бүлөгө коңшу турган соцпедагог кыздын үнүн уккандан улам үйүнө бет алган. Бирок үйгө жакындап калганда кыздын апасы сырттан келип калып, жолдошун тилдегенин, кыздын айланасында сөз жүргөнүн уккан. Бул боюнча соцпедагогдун айтканын Э.Карабекова мугалимдерге билдирген.

Мындан улам күмөндүү ойлор пайда болуп, алар милиция чакыртышкан. Бирок милиция кыздын атасын суракка алып, бирок кайра коё бергендигине алар нааразы болушкан. Жыйынтыгында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында кыздын зордукталганы тастыкталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×