Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 17.07.2018 12:08

Кербен шаарындагы базар мэрия менен жеке адамдын талашына түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы базар мэрия менен жеке адамдын талашына түштү. Бул туурлауу маалыматты мэр Нармат Эсеналиев тастыктады.

Анын маалыматына караганда, Кербен шаарынын балансында турган 1 гектар 79 сотых жер талашка түшүп жатат.

«Ал жерди Кербен шаардык мэриясы 2003-жылы «Жалал-Абад керек-жарак» коомунан сатып алган. Сатып алгандан тартып жеке адамга ижарага берген. Убактылуу иштетүү үчүн алган адам учурда базарды талашып жатат. Анын колунда 2007-жылы ошол эле базарды «Жалал-Абад керек-жарак коомунан сатып алган документтери бар. Учурда базардын талашы боюнча иш сотто каралууда», - деди мэр.

Кербен базары жалпы 4 гектардан ашуун аянтты түзөт. Анын 1 гектар 79 сотых жери мэриянын балансында турган. Калган бөлүгү жеке адамдардын колунда. Учурда мэрия менен жеке адамдын ортосунда талашта турган жерде мал базар, унаа базар жана жашылча базары бар. Мындан сырткары 150дөн ашуун унаа токтотуучу жай дагы талашта турат.

Жеке ишкер базар үчүн мэрияга жылына 208 миң сом төлөп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×