Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.07.2018 23:30

Айыл турмушу: 16 жаштагы Нурзия бизнес долбоор жазып, айылга сулуулук салон ачты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Там айылынын 16 жаштагы тургуну Нурзия Абдикаримова сулуулук салон ачып, элеттик кыз-келиндерге кызмат көрсөтүүдө. Жаш тейлөөчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, күз мезгилинде кардарлардын саны эки эсе көбөйөт.

«Биздин айылда үч миңдей калк бар. Той жана башка мааракеде кызмат көрсөтүүчү сулуулук салондор жок болгондуктан айылдагы кыз-келиндер райондун борборуна барышчу. Мындан улам мен айылга сулуулук салон ачууну ойлоп жүргөм. Кийин «Жашстан» долбооруна катышып, бизнес долбоор жаздым. Ал колдоо таап, чакан сулуулук салон ачтым. Донорлор тарабынан салондун ачылышына жалпы 70 миң сомдук жардам болду, калганын үй-бүлөмдүн жардамы менен ишке ашырдым. Учурда кардарларды кабыл алып, айыл элине кызмат көрсөтүп жатам», - дейт Нурзия Абдикаримова.

Анын айтымында, сулуулук салон ачууну бала чагынан эле кыялданчу.

«Өзүмдүн сулуулук салонум болсо деп кыялданчумун. Бул кыялымды орундатуу үчүн 9-классты аяктаганда атайын курстардан окуп, чач кыркууну үйрөнгөм. Азыр аларды иш жүзүндө жасап жатам. Эми дагы билимимди өркүндөтүп, тейлөө кызматынын сапатын жогорулатып, дагы башка чачтарачтарга жумуш орундарын түзүп, чакан сулуулук салонумду чоңойтууну пландап жатам», - дейт жаш тейлөөчү.

Н.Абдикаримова үй-бүлө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×