Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.07.2018 15:32 На русском

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз отурумунда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралат, - депутат Т.Сагынов

Turmush -  Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз отурумундагы күн тартибинде бир гана маселе бар — мэр Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда АКИpress агенттигине Бишкек шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

Ал учурда мэрдин ишине баа берүү боюнча маселе көтөрүлбөгөнүн тактады.

«Бүгүнкү күндө мэрияда болуп жаткан абал тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Бул — биринчи вице-мэрдин кармалуусу, "Жашылдандыруу" ишканасына, Архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгына, структуралык бөлүмдөргө карата козголгон кылмыш иштер. Азыр чара көрүлбөсө, эртең шаардыктар оор жагдайда калат», - деди ал.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмазбек Кененбаевдин айтымында, аткаруучу бийлик өзүнүн милдеттерин аткарбай жатат.

«Бул тууралуу мэриянын чиновниктерине козголгон кылмыш иштер айтып жатат. Буга байланыштуу мага фракциялардын лидерлери кайрылып, мен сессияны чакырдым. Мэр учурда эмгек өргүүсүндө экен. Ал шаардык кеңешке билдирүү жасабай өргүүгө кетип калган», - деди ал.

Буга чейин маалым болгондой, эртең, 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз отурумга чогулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×