Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.07.2018 11:49 На русском

Фото — Ош—Бишкек жолунда «Лексус RX 400» оодарылып, айдоочунун аялы жана 9 жаштагы бала каза болду

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан айдоочунун аялы жана 9 жаштагы бала каза болду.

Жалал-Абад облустук ЖКККнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык 10-июлда саат 16:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 222-чакырымында катталган. Анда Ош шаарын көздөй бараткан «Лексус RX 400» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу С.С. рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган С.Г. (айдоочунун аялы) оор абалда Токтогул райондук ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Унаада жүргүнчү катары келе жаткан Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Т. жана анын 2007-жылы туулган кызы М.З. ооруканага түшкөн. Анын 9 жаштагы уулу окуя болгон жерде мерт кеткен.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан наристе каза болуп, 3 адам ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×