Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Акыркы суткада өлкө аймагында 42 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 42 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 49 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июлда.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Жашасын айылында турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен 20 чарчы метр чатыры, 50 даана жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Баткендеги Кадамжай районунун Орозбек айыл аймагына караштуу Охна айылында «КамАЗ» унаасынын арткы бөлүгү жана буюмдар күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 357
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×