Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.07.2018 12:22

Ала-Букадагы чек арадан 900 баш мал менен жүргөн чет өлкөлүк 11 жаран кармалды

Turmush -  Кечээ, 8-июлда Ала-Бука районунун Бетегелик аймагында мал жаюуну көздөгөн өзбекстандын 11 жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын аймагына жакын жерге чатырларды тиге башташкан учурда кармалды. Териштирүү учурунда алар тоодо мал жаюуну көздөгөндүктөрү жана Кыргызстандын аймагына байкоосуздан келип алгандыктары белгилүү болду. Алардын 800 баш жандык малы, 116 баш бодо малы жана 2 жылкысы өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×