Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Бишкек–Ош жолунда «Лексус» менен «Хендай Портер» кагышты: Жол кырсыктан 4 баланын атасы каза болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 7-июлда Бишкек–Ош унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматты тастыктаган облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, унаа жолдун 298-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районуна караштуу Торкен айылында «Хендай Портер» менен «Лексус LX470» унаалары кагышкан. Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургунунун башкаруусундагы «Лексус» Бишкек шаары багыты боюнча бара жатып, рулду башкара албай, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унааны сүзгөн. Анын кесепетинен жүк ташыган унаанын айдоочусу – К.Нуркан оор жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Ал эми аталган унаанын жүргүнчүсү К.Ж. оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

«Бул факты боюнча ыкчам тергөө тобу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ош – Бишкек жолунун 298-чакырымындагы тилкесинин туурасы 12-20 метр, оң жак капталы 2 метр, сол жак капталы 5,50 метрди түзөт. Кырсык болгон аймакка жол белгилери орнотулган», - А.Сатыбалдиев.

Turmush басылмасына маалым болгондой, көз жумган айдоочу 4 баланын атасы болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3696
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×