Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 07.07.2018 09:32 На русском

Сүрөт: Базар-Коргон—Арстанбап жолунда бошонуп кеткен тоок 3 унаанын кагышуусуна себепкер болду

Turmush -  Базар-Коргон—Арстанбап жолунда кечээ, 6-июлда 3 унаа — «Мерседес-Бенц» жана эки жеңил унаа кагышты. Бул окуяга тоок себепкер болду, деп билдиришти жүргүнчүлөр.

Ал эми кичи автобусту башкарып бара жаткан айдоочунун айтымында, ал ата-энеси, туугандары менен бирге Көк-Алма айылына бара жаткан. Унаанын ичинде тоок да бар болчу. Байланган тоок орто жолдон бошонуп кетип, кичи автобустун алдыңкы айнегине учуп барган.

Анын кесепетинен айдоочуга алдындагы жол тосулуп калып, каршы багыттагы унааны сүзгөн. Бул окуядан адамдар жаракат алган жок. Жалпы 3 унаа жабыркады. Алардын ичинен «ДЭУ Матиз» катуу жабыркаганын байкоого болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×