Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Кербенде калкты таза суу менен камсыз кылчу 210 млн сомдук долбоор иштей баштады (фото)

Turmush -  Кербен шаарында жүрүп жаткан таза суу долбоору ишке ашса, шаар калкынын 70%ы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кербен шаарынын мэри Нарматалы Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, шаардын эли жана жакынкы айылдардын тургундары негизинен Падыша-Ата суусунан ичишет.

«Буга чейин дагы элди таза суу менен камсыздоо бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып келген. Эми бул көйгөй оң жагына чечилгени жатат. Шаарда апрель айынан бери суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бүткүл дүйнөлүк банктан 210 млн сом бөлүнүп берилген. Азыркы тапта шаарда жана шаар аймагында эки объектиде иш жүрүп жатат», - дейт Н.Эсеналиев.

Кербен шаарында 26 миңге жакын калк жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×