Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.07.2018 11:58

Кара-Көлдөгү «Кайыңды» эс алуу лагеринде биринчи топ менен 165 бала эс алууда

Turmush -  Кара-Көл шаарынын «Кайыңды» эс алуу жайкы лагери 2-июлдан тарта өз ишин баштады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаардын вице-мэри Г.Сатарованын айтуусунда, биринчи топ менен 165 бала эс алуу үчүн жөнөтүлдү.

«Жыл сайын эс алуучу балдардын саны түшкөн кайрылууга жараша такталат. Былтыр 600 бала эс алган. Быйыл 700дөй бала эс алышы күтүлөт. Жылдагыдай 4 топ менен балдар эс алып келишет. 4-июлда ачылыш болуп, анда лагерде эс алып жаткан өспүрүмдөр конокторго жана ата-энелерге өз таланттарын тартуулашты. Токтогул Каскаддар ГЭСинин жана Камбар-Ата ГЭСинин атынан балдарга белектер тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×