Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.07.2018 11:31

Жалал-Абадда электр кызматкерлеринин кесиптик мелдешинде жеңген команда «УАЗ» унаасына ээ болот (фото)

Turmush -  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому райондук электр тармактар ишканаларынын кызматкерлери арасында кесиптик мелдеш баштады.

Маалым болгондой, мелдешке 12 команда катышууда. Мелдеш 8 этаптан турат. Алар трансформаторду оңдоп жаткан учурда же электр устундун үстүндө жумуш жасап жаткан маалда кызматкер кокустан электр тогуна тартылып калса алгачкы жардамды көрсөтүү, от чыккан учурда аны кыска убакытта өчүрүү, жалпы билиминен сынак тапшыруу сыяктуу көнүгүүлөрдү ыкчамдык менен аткаруу белгиленген.

Катышып жаткан командалардын даярдыктары, алардын профессионалдык билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын 24 калыс бекитилген. Мелдеш эки күнгө созулуп, биринчи орунду алган команда «УАЗ» үлгүсүндөгү унаага ээ болот. Ал эми 12 команданын ичинен бир команда куралып, ушул жылдын сентябрь айында өтүүчү республикалык мелдешке катышат.

Бул мелдеш аркылуу кызматкерлер тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерин күчөтүү, ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аталган иш-чара эки жылда бир өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×