Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.07.2018 18:07

Ала-Бука—Кербен—Таш-Көмүр унаа жолун асфальттоо иштери жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука—Кербен—Таш-Көмүр унаа жолун асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу №12 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Алмазбек Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы район боюнча 13 чакырым жолго асфальт төшөө планга киргизилген.

«Учурда Ала-Бука—Кербен—Таш-Көмүр унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Быйылкы жылы 13 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Алар: Кара-Жыгач—Сары-Челек унаа жолу, Көк-Жаңгак—Кара-Суу унаа жолу, Ала-Бука—Кербен—Таш-Көмүр унаа жолу жана шаардын ички көчөсүнө да асфальт төшөлөт. Эми Кербен—Үч-Коргон унаа жолунун 45-чакырымынан тарта аң-чөнөктөрдү оңдоо иштерин жүргүзөбүз», - дейт А.Муратбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×