Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.07.2018 17:06

Кара-көлдүк 63 жаштагы О.Чукунова волейбол боюнча энелер лигасында мыкты оюнчу аталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 63 жаштагы тургуну Орунбү Чукунова КРнын волейбол боюнча энелер лигасынын чемпионатында мыкты оюнчу деп табылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

О.Чукунованын айтуусунда, 23-24-июнда Бишкек шаарында волейбол боюнча энелер лигасынын республикалык чемпионаты болуп өттү. Ага өлкөнүн 7 дубанынан 12 команда катышты.

«Чемпионатка Оштон, Жалал-Абаддан, Кызыл-Кыядан тандалып келген командалар катышты. Өлкөнүн 7 облусунда дагы ушундай тандалып алынган мыкты командалар республиканын волейбол боюнча энелер лигасынын биринчилиги үчүн ат салышат. Жалал-Абаддын ЖАМУ командасы облустун намысын коргоп, 4-орунду ээлеп кайттык», - деди ал.

О.Чукунова энелер лигасында өзүнөн 22 жаш кичүү айымдар менен ойнойт. Ал 33 жылдан бери волейбол ойноп, билим берүү тармагында 43 жылдан бери окуучуларга дене тарбия сабагын өтүп келет. Ал 1972-1974-жылдар аралыгында Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы окуу жайдын дене тарбия бөлүмүн бүтүргөн. 2009-жылы ЖАМУнун дене тарбия бөлүмүн бүтүргөн. Көп жылдык эмгеги үчүн 1995-жылы «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган. 2015-жылы КРнын дене тарбия жана спорттун мыктысы деп аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×