Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Токтогул 05.07.2018 16:31

Болот Болгонбаев Токтогул шаарынын мэри болуп шайланды

Turmush -  Токтогул шаарынын мэри болуп Болот Болгонбаев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-июлда Токтогул шаарынын мэрин шайлоо өтүп, анда эки талапкер ат салышты. Тактап айтканда «Өнүгүү», КСДП, «Энергетиктер» фракциялары биригип түзгөн «Биримдик» көпчүлүк коалициясы Болот Болгонбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ал эми оппозициялык азчылыктан Мира Солтоева көрсөтүлгөн. Шайлоо алдында талапкерлер шаарды өнүктүрүү боюнча түзгөн өздөрүнүн программаларын тааныштырышты.

Жыйынтыгында Болот Болгонбаев 12 депутаттын добушун алып, шаардын мэри болду. Калган 9 депутат Мира Солтоевага добуш беришти. Шаардык кеңеште 21 депутаттык мандат бар.

Болот Болгонбаев буга чейин райондук финансы бөлүмүндө башкы эсепчи болуп иштеп келген.

Ушул жылдын 13-майында Токтогул шаардык кеңешин шайлоодо КСДП 7, «Мекеним-Кыргызстан» 6, «Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары үчтөн мандатка, «Энергетиктер» фракциясы 2 мандатка ээ болушкан. Шаардык кеңештин ХХVIII чакырылышына депутат болуп келгендердин ичинен КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Энергетиктер» фракциялары биригип, «Биримдик» аталыштагы жаңы коалицияны түзүшкөн. Коалициянын лидери болуп буга чейин Токтогул шаарынын мэри болуп келген Марат Калмурзаев шайланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×