Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Өлүмгө алып келиши мүмкүн: Күйдүргү оорусунан кантип сактануу керек?

Turmush -  Күйдүргү оорусун алдын алуу жолдору тууралуу Жалал-Абад шаардык оорунун алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Паризат Эшенкулова айтып берди.

Анын айтымында, күйдүргү оорусу өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу оорулардын тобуна кирет. Бул оору көп учурда тери катмарын (түбү кара болгон оорутпаган жарага айланат) же кээде ички органдарды жабыркатып, интоксикация менен коштолуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

«Күйдүргү оорусу адамга оорулуу же өлгөн малды сойгондо, терисин иштетүүдө, этти кармаганда, күйдүргү оорусунун микробу менен булганган тамак-ашты пайдаланганда жугат. Күйдүргү оорусунун очогу болуп күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн жерлер эсептелинет. Күйдүргү оорусунун микробу сырткы чөйрөгө туруктуу келип, жер кыртышында көптөгөн жылдар бою сакталат», - деди ал.

Анын айтымында, оорунун белгилери 2-5 күндөн кийин билине баштайт.

«Оору жуккан жерде кычыштырган кызыл так пайда болот, андан кийин ал жараатка айланат, жараат оорубайт, тегереги катууланып шишийт, бездери чоңоюп кетет, дене табы көтөрүлүп, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт. Адам өз учурунда дарыланбаса оору өлүм менен бүтүшү мүмкүн. Ошол себептен өз убагында медициналык мекемелерге кайрылуу керек.

Ооруга шектүү малды сойгонго чейин сөзсүз түрдө ветеринардык адиске кайрылуу зарыл жана өз алдынча союп, элге таратууну токтотуу керек. Ошондой эле эт жана сүт азыктарын текшерүүдөн өтпөгөн жерлерден сатып албоо зарыл. Малды тейлөөдө, союуда жеке тазалыкты кармоо жана атайын кийимдерди кийүү, колду самын менен жууп туруу зарыл.

Күйдүргү оорусунан сактануу үчүн малды багууда жана союуда ветеринардык жана өздүк гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл. Күйдүргү илдетинен өлгөн малдын тушун өрттөп, андан алынган азык-түлүктөрдү жок кылуу зарыл. Короодон ылаңдаган малды байкасаңар сөзсүз түрдө мал доктурга кайрылуу шарт», - деп билдирди П.Эшенкулова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 619
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×