Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.07.2018 16:55

Базар-Коргондо күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн 13 адамга диагноз коюлду

Turmush -  Базар-Коргон районунда күйдүргү оорусуна шектелип, ооруканага жаткырылгандардын онунда күйдүргү оорусунун таякчасы табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык оорунун алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Паризат Эшенкулова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын ичинен ону лабораториялык жол менен күйдүргү дартына чалдыкканы аныкталса, үчөөсү клиникалык, эпидемиологиялык белгилердин негизинде диагноздору коюлду.

«Азыркы тапта бейтаптардын абалы жакшы, турукташып калды. Атайын түзүлгөн медициналык штаб иштеп жатат. Күйдүргү дартына кабылгандар колдорундагы жара түшүп, бездери кетип, толук сакайганда гана чыгарылат. Бул жагдай жер-жерлерде мал ээлери ооруган кара малды, майда жандыктарды жана башка айыл чарба жаныбарларын ветеринардык адиске көрсөтпөй союп, калкка таратып жиберген фактылар бар экендигин тастыктап койду. Мындай фактылар жылда катталып, анын кесепетинен адамдар арасында жылда күйдүргү оорусу катталып жатат», - деп билдирди ал.

Анын белгилөөсүндө, мамлекет тарабынан мал ээлерине аргасыз союлган мал жандыктарга компенсация берүү маселеси чечилбей жаткандыктан, жогорудагы көрүнүштөр чыгат.

Буга чейин Базар-Коргон районунан күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны 13 адамга жеткени жана алгач жаткырылган 9 адамдын жетөөсүндө күйдүргү оорусунун таякчасы аныкталгандыгы маалымдалган.

«Ушул жылдын 18-июнунда Акман айыл аймагына караштуу Жаңы-Акман айылынын тургуну ооруп калган малын ветеринардык адиске көрсөтпөстөн сойгон. Кошуналары, айылдаштары малдын этин бөлүп алышкан. Кара малды 6 бөлүккө бөлүп, 26 үй-бүлөгө таратылган. 25-июнда мал союуга катышкандардын бири ооруканага кайрылган. Колундагы кызыл жараларын көргөн дарыгерлер аны сибирь жарасына күмөндүү деп эсептеп, атайын бригада айылга жөнөшкөн. Кечки саат 21:00гө чейин айылды кыдырышып, күмөндүү 8 жаранды алып келип, ооруканага жаткырышкан.

Эт жегендердин бири Россияга жөнөп кеткен экен, ал да чакыртылып, ооруканага жаткырылды. Күйдүргү оорусуна күмөндөлүп жаткырылган 12 адам мал сойгонго, эт бөлгөнгө жана этти кармап туздоого катышкан. Ооруга шектүү 10 жарандын анализи чыкты. Алардын ичинен жети бейтапта күйдүргү оорусунун козгогучтары бар экени аныкталды. Бир бейтап кайрадан текшерилүүдө, анткени ал ооруканага келгенге чейин антибиотик ичкен экен, кайрадан анализ жасалат. Бир бейтаптын дене табы улам көтөрүлүп жаткандыктан облустук клиникалык ооруканага которуу күтүлүүдө.

Учурда баарынын абалы туруктуу, дары-дармектер берилүүдө. Бүгүн бир адам кайрылды, анын колдорунда кызыл жара пайда болуптур. Күйдүргү оорусуна күмөндөлгөн адамдардын саны 13кө жетти», - деп билдирген П.Эшенкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×