Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.07.2018 14:05

Видео — Элден чогулган акчага 3 жаштагы Муслимдин көзүнө Москвада операция жасалды

Turmush -  Тубаса көз оорусу менен төрөлгөн Кара-Көл шаарынын 3 жаштагы тургуну Муслим Абдыкадыровдун эки көзүнө операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу анын апасы Эльнура Абдылдаева билдирди.

Анын айтуусунда, операция Москва шаарында Герман Гельмгольц атындагы институтта жасалды.

«Муслимдин бир көзүнө хирургиялык, экинчисине лазердик операция жасалып, ал ийгиликтүү өттү. Учурда көзүнө дарыгерлердин көрсөтмөсү менен берилген дарыларды тамчылатып жатам. Көзүнүн кан басымы мындан ары түшүп же көтөрүлүшү мүмкүн экен. Ар бир үч айда Москвадан көзүнүн кан басымын ченетип, текшерилип турабыз. Биздин өлкөдө көздүн кан басымын ченөөчү аппарат жок экен. Кайрадан ушул жылдын август айында текшерилүүгө барабыз. Мен Кара-Көл шаарынын элине чоң ыраазычылык билдирем. Баламдын көзүнө кайрымдуу адамдардын колдоосу менен чогулган каражатка операция жасалды. Мен аларга ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Ал эми «Мүрөк-к» коомдук бирикмесинин ыктыярчысы Мэлис Чилетировдун айтуусунда, өткөн жылдын 3-декабрынан тарта Муслимдин операциясы үчүн каражат топтоо башталган.

«2018-жылдын февраль айында элден чогулган 300 миң сом менен Муслим апасы менен Москва шаарына кетишкен. Алар 4 ай Гельмгольц атындагы институттун дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, эки көзүнө операция жасалды», - деди ал.

Буга чейин тубаса көз оорусу менен төрөлгөн Кара-Көл шаарынын 2 жаштагы тургуну Муслим Абдыкадыровдун апасы Эльнура Абдылдаева кайрымдуу адамдардан жардам сурап кайрылган.

«Балам төрөлгөндөн баштап эле Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна, Ош облустук ооруканага, Кочкор-Ата шаарына кайра-кайра барып, көрүнүп жатабыз. Дарыгерлер уулумдун көзүнүн кан басымын төмөндөтүүчү дарыларды жазып беришти. Аларды дайыма көзүнө өз убагында тамызып турдум. Жалал-Абадга түркиялык профессор Мехмед Чахмак келгенин угуп бардык. Ал уулумду текшерип, мурунку берип жаткан дарылар жардам бербегенин айтып жана башка 3 дары жазып берди. Ал дарылар кымбат, бир айга жетпейт. Күн сайын 3 жолу уулумдун көзүнө тамчылаттым. Түркиялык дарыгер Жалал-Абадга келип-кетип турат экен. Ага дагы 5 айдан кийин бардык. Дарыгер уулумдун көзүнө тез арада операция жасатуу керектигин айтты. Ал эми Кыргызстанда мындай операция жасалбайт экен. Профессор операция сентябрь айында жасаларын айтып, ар бир көз үчүн 2,5 миң доллар керектигин билдирди. Операция канчалык тез жасалса, ошончолук жакшы болмок. Анткени убакыт өткөн сайын баламдын көөрүсү начарлап жатат», - деп билдирген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×