Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Чүй

Адистердин кеңеши: Эмне үчүн эркек малды бычуу керек? (видео)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну Азамат Көчөрбаев мал доктурлук кесибин аркалап, жылына жүздөн ашуун мал-жандыктарды дарылап келет. Ал аймактык кабарчыга эркек малдарды эмне үчүн бычып салуу керек экенин айтып берди.

«Эркек малдан сасык жыт чыгып турат. Ал жыт сойгондо этине чейин өтүп кетет. Андай сасык этти сата албайсың же өзүӊ да тыӊыраак жей албайсыӊ. Ошондуктан тукумга бир же эки эркек малды калтырып, калганын бычтыртып салышат. Мисалы, тукум улоого 100 баш жылкыга 1 айгыр, 100 койго 2-4 кочкор, 100 баш уйга 1 бука жетиштүү. Ал эми андан ашык эркек малдарды бычып салуу керек. Бирок бычкандын да өз мезгили, өз эрежеси бар. Анын баарын туура сактабасаӊ мал өлүп калат. Көбүнчө жазында, күзүндө, аба салкындап калганда бычабыз. Кастрация жасалган мал тукумсуз калат. Негизи бардык малды бычып салуу оӊой жумуш эмес. Анткени ал бирөөнүн малы болгондуктан коркунуч бар», - деди ал.

Азамат Көчөрбаев Сокулук районунун Сокулук айылында 1992-жылы төрөлгөн.

«Сокулук айылындагы №4 орто мектебин аяктагандан кийин эки окуу жайды окуп бүттүм. Алгач Кара-Балта шаарындагы №102 лицейинен мал доктурлук кесибин алып чыксам, андан соӊ К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинен билим алып чыктым. Мал доктур болууну бала кезде кыялданган эмесмин. Турмуш өзү ушул кесипти тандоого түрткү болду. Бир жылда жүздөн ашык малды дарылайбыз. Жылкыны дарылоодо бир аз кыйынчылыктарды алып келет. Анткени ал азоо келет эмеспи», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 939
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×