Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Фото — Сузакта турак үйгө чагылган түшүп, уктап жаткан жигит күйүк алды

Turmush -  Сузак районунда турак үйгө чагылган түшүп, уктап жаткан жигит жарадар болду.

Маалым болгондой, 3-июлда Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын кабылдамасына Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 1991-жылы туулган тургуну Д.Жасурбек келип түшкөн.

Жабырлануучунун айтымында, ал Кызыл-Суу жайлоосундагы үйдө уктап жатканда саат 05:00 чамасында чагылган түшкөн, анын кесепетинен ал жараат алган.

Алган жараатынан улам ал ооруканага кайрылган. Дарыгерлер карагандан кийин травматологиялык бөлүмгө жаткырылган. Ага моюн тарабынан, денесинен, бут тарабынан 1-2-даражадагы күйүк алган деген диагноз коюлган.

14

15

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4363
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×