Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.07.2018 15:47

Кара-Көлдө жараксыз мечит бузулуп, ордуна 6,5 млн сомго жаңысы курулат

Turmush -  Кара-Көл шаарында 300 орундуу мечит жараксыз абалда деп табылды.

Шаардын имамы Бектен ажы Керезбаев билдиргендей, Саидбин-Аль-Мусаиб мечити 2008-жылы курулган.

«Быйыл март айында ӨКМдин шаардагы бөлүмү жана Экотехинспекциянын кызматкерлери текшерип, курулушту жараксыз деп тапты. Бул мечит курулгандан кийин акырындап дубалдарынан жарака кетип, ал жыл сайын чоңойгон. Жаңы курула турган мечиттин жалпы сметалык баасы 6,5 млн сомду түзүүдө. Мындан сырткары даараткана, имамканасын өзүнчө куруу керек. Замандын талабына жараша курулуштун сапаты жана мыйзамдуулугу көзөмөлдөнөт», - деди имам.

Ал эми шаар башчысы И.Еркеевдин айтуусунда, июнь айынын акырында мечит бузулду. Андагы жарактуу материалдар жаңы мечиттин курулуш иштерине керектелет.

«Жаңы мечиттин курулушу шаардан чыккан ишкерлер тарабынан каржыланып, ашар жолу менен 1000 орундуу жаңы мечит тургузуу пландалууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×