Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Арстанбаптагы лагерде милиционерлердин, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эс алууда (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Арстанбап жергесиндеги Жалал-Абад ОИИБге таандык «Келечек» лагеринде 7 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр эс алышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган лагерде жыл сайын балдар 3 тайпа менен эс алса, быйыл 4 тайпа менен эс алуусу күтүлүүдө. Анда негизинен милиция кызматкерлеринин жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн шарт түзүлгөн. Эс алуучу жайдын коопсуздугу да өзгөчө көңүлгө алынган.

Тактап айтканда, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан батальонунун өзүнчө ротасынан бөлүнгөн кызматкерлер балдардын коопсуздугуна көз салып турушат. Азыркы тапта жаңгак токойлуу жайда 120 бала эс алууда.

2-июлда ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов баштаган тартип сакчылары барып, эс алуучу жайдын расмий ачылышына катышкан. Анда К.Жолдошов балдарга мыкты эс алуу каалап, спорттук оюндар үчүн атайын каражаттарды тапшырды. Ал эми балдар тарабынан атайын чакан концерттик программа тартууланды.

Бул жайда жыл сайын 500гө жакын бала эс алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×