Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 03.07.2018 10:02

Чаткалда дайынсыз жоголгон жигит 13 күндөн бери табылбай жатат

Turmush -  Чаткал районунда дайынсыз жоголгон 23 жаштагы жигит изделип жатат. 1995-жылы туулган Э.Т. 22-июнда «Дэу Матиз» унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

ӨКМдин маалыматына караганда, Э.Т. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну. 25-июнь күнү Ак-Таш айылында, Чаткал дарыясынын жээгинде ага тиешелүү документтер жана өздүк буюмдары табылган.

Тургунду издөө иштерине кечээ, 2-июлда 22 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана айыл аймактан 39 адам тартылып, бирок оң жыйынтык чыккан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×