Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.07.2018 09:20

Кара-Көлдө топтолгон битир садага аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылды

Turmush -  Кара-Көл шаарында топтолгон битир садага аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылды. Бул тууралуу шаардын имамы Бектен ажы Керезбаев билдирди.

Анын айтуусунда, топтолгон каражат 102 миң сомду түзүп, анын 50%ы жардамга муктаж 32 кишиге 1500 сомдон таратылып берилди. Калган 20%ы муфтиятка талаа билими үчүн, 15%ы облустук казыятка берилсе, калган 15%ы жергиликтүү хатибияттын муктаждыктарына жумшалат.

Имам белгилегендей, 4 эркек, 2 аял ажылык сапарга барууга даярданып жатат, болжолдуу 20-25-июлдан кийин биринчи каттам башталат. Июнь айынын соңунда ажылык сапарга баруучулар Жалал-Абаддан эмдөөдөн өтүп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×