Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда куткаруучулар арасында мелдештер уюштурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 1-июль — Куткаруучулардын күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулууда.

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бөлүмчө башчысы, майор Чынарбек Шекенов маалымдагандай, өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы жарандык коргонуу боюнча практикалык үйрөтүүнүн нормативдерин аткаруу боюнча бир нече мелдештер уюштурулду.

Мелдештердин жүрүшүндө куткаруучулар «Памир-30» чатырын тигүү жана чечүү, газга каршы чүбөттөрдү кийүү (противогаз) жана аны жабырлануучуга кийгизүү боюнча күч сынашып, мелдештердин жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон кызматкерлер диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×