Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондо медициналык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында 30-июнда медициналык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, Базар-Коргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Айнагүл Бекташова, райондогу айыл аймак башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана медициналык кызматкерлер катышты.

Райондун жетекчилери саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин коомдогу ардактуу жана жооптуу иштери ар тараптан алкоого татырлык экенин белгилешип, медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө акимиат тарабынан алдыңкы медициналык кызматкерлерге ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 552
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×