Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Жалал-Абад

Токтогулдун тургунунан 100 миң сом талап кылып, унаасын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)

Turmush -  Токтогул районунда жергиликтүү тургундан 100 000 сом талап кылып, унаасын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын лейтенанты Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, РИИБге Токтогул районунун тургуну, жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. Ал арызында 17-майда анын уулу — 1995-жылы туулган Т.А.дан белгисиз адамдар 100 000 сом акча талап кылгандыгын жана «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкандыгын билдирип, аларга чара көрүп берүүсүн суранган.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен кылмыш иши козголду. Алгач аталган кылмышка шектүүлөрдүн арасынан 20 күн мурда бирөө кармалып, калган 4 адам изин жашырып качып жүргөн.

«ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте кылмышка шектүүлөрдү 28-июнда кармашкан.

Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турган Токтогул шаарынын тургундары — 1994-жылдары туулган Эрнист жана Арген, 1995-жылы туулган Нуржан, 1996-жылы туулган Шабданбек экени аныкталган. Алар 2 айга камакка алынды. Учурда Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1183
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×